Ош шаарынын мэриясы имаратынын чатырын оңдоого 1 млн. 600 миң сомдон ашык каражат бөлдү. Аны тендерден «Нур эл курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, долбоордо көрсөтүлгөн сумма 2 607 666 сом деп белгиленген. Аталган компания тендерди 1 637 845 сом менен утуп алган. Тендерге жалпы 12 компания катышкан. Уткан компания мэриянын чатырын жана эки иш бөлмөсүн оңдой турган болду. Ишти февраль айына бүткөрүү пландалууда.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров имарат чатырынан суу өтүп жатканына байланыштуу оңдоло турганын маалымдады.
Мэриянын имараты Ош облустук администрациясы менен кошо 1968-1978-жылдары Султан Ибраимов аймакты жетектеп турган кезде курулган. (MrA)
Дагы караңыз
Соцтармактын саясаттагы таасири көбөйдүСегизбаев менен кызматташкан журналист УКМКга суракка кирдиКыргызстан Кытайга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоого аракеттенүүдөМурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө