Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстан Кытайга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоого аракеттенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 12-январда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк өлкөнүн мал чарба тармагында бар. Министр ошол эле учурда Кыргызстан айыл чарба азыктарын, чийки затты кайра иштетип сатуучу хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин да айтты:

«Биз аймактагы транзиттик мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалансак болот. Биз өзүбүздүн эле азык-түлүктү сатпай, башкалардын эт-сүтүн да кайра иштетип сатсак болот. Азыр Казакстандан, Орусиядан, Монголиядан, Беларустан жана Украинадан арзан мал сатып алууну сүйлөшүп жатабыз. Аларды эт түрүндө Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Кытайга сатсак болот. Кытай менен күн сайын 60 тоннага чейин эт сатуу маселесин азыр сүйлөшүп жатабыз, аны ишке ашырыш үчүн биз транзиттик мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз зарыл».

Токтогазиевдин маалыматы боюнча учурда Бириккен Араб Эмираттарына аптасына 40 тонна эт сатуу боюнча келишим бар.

Айыл чарба министри балык, үрөнчүлүк чарбаларды өнүктүрүү да тармакты көтөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Тилек Токтогазиевдин журналисттерге берген маалыматына караганда, учурда тармакты өнүктүрүү максатында фермерлерди колдоо үчүн 6 миллиард сом бөлүндү. Бул «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жүргүзүлөт. Бул 5-6 пайыздан 10% чейинки үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Тилек Токтогазиев парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде катышкан. Ал мындан үч жыл мурун да Айыл чарба министрлигине талапкерлигин коюп, бирок парламентте колдоо тапкан эмес. Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкан учурда айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри болуп дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG