Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус пандемиясына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берип чыкты. Буга чейин экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Мекеменин жетекчиси Сыймык Жапыкеев мурдагы бир катар жогорку кызмат адамдары суракка чакырылып жатканын билдирди.