Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы президенттик шайлоодо көп добуш алган Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады.

11-январда өзбек президентинин сайты тараткан маалыматка караганда, Мирзиёев Жапаровго телефон чалды.

Өзбекстандын президенти Кыргызстандагы шайлоону маанилүү саясий иш-чара катары сыпаттап, өлкөдөгү бейпилдик өнүгүү үчүн маанилүү процесс экенин айтты.

«Сүйлөшүүдө чек ара маселесине, соода алмашуу, энергетика жана айыл чарба багытындагы кызматташтыкка, аймак аралык мамилени өркүндөтүүгө да басым жасалды», деп айтылат Ташкенттин расмий кабарында.

Кыргызстанда 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров 79% ашуун добуш алды.

Шайлоо жыйынтыгын эл аралык уюмдар таанып, Казакстандын, Орусиянын, Түркиянын президенттери Жапаровду куттукташты. (SE)

Дагы караңыз

Кубатбек Боронов пандемияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдөЕвробиримдик Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоону кубаттадыДүйнө лидерлери биотүрдүүлүктү коргоого чакырыштыКоронавирус дагы 115 кишиден табылды, ооруканадагылардын көбүнүн абалы оор«Жаңы бийлик ар тараптуу саясат жүргүзүшү керек»Эл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым «Ак шумкарлар» беттешке чыгат