Сегизбаев менен кызматташкан журналист УКМКга суракка кирди

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев КТРКдагы дебат учурунда.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген журналист Нурзада Токтогулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды.

Бул тууралуу Сегизбаевдин шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, чакыруу кагазында Нурзада Токтогулова суракка күбө катары чакырылганы гана жазылган.

«Бүгүн, 12-январь күнү, саат 17:00гө чакырылыптыр. Ошол убакта суракка кирди. Нурзада штабда пиар бөлүмүн жетектеп турган. Биздин штаб Нурзаданын капыстан эле суракка чакырылышын куугунтук жана басым деп баалайт», - деди Мээрим Асанова.

Нурзада Токтогулова өзү социалдык тармакта жарыялаган чакыруу кагазында ал УКМКга күбө катары 12-январь күнү саат 17:00гө чакырылганын гана жазган. Кагазда ошондой эле келбесе күч менен алынып келери эскертилген.

Нурзада Токтогулова 2012-2014-жылдары өкмөттүн басма сөз кызматын жетектеген. 2016-2017-жылдары «Пирамида» телекомпаниясын жетектеп турган. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК: Сайпидинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалдыКубатбек Боронов пандемияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдөЕвробиримдик Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоону кубаттадыДСУ: быйыл COVID-19га каршы жапырт иммунитет пайда болбошу мүмкүнСокулуктагы өрттө төрт киши түтүнгө ууландыДүйнө лидерлери биотүрдүүлүктү коргоого чакырышты«Жаңы бийлик ар тараптуу саясат жүргүзүшү керек»Түркиянын президенти Эрдоган Садыр Жапаровду куттуктады