Боронов: Пандемияга байланыштуу суракка чакырылган болушум мүмкүн

Кубатбек Боронов (тумакчан) суракка кирип бараткан учуру. 12-январь, 2021-жыл.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка келди.

Ал суракка кирип баратып журналисттерге кайсы ишке байланыштуу чакырылганын билбей турганын, пандемия маалындагы сатып алууга тиешелүү болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок ал кезде өкмөт жакшы иштегенин кошумчалады.

Финансы полициясы ал күбө катары чакырылганын билдирген, бирок чоо-жайын маалымдаган эмес.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө

Аталган мекеме 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын маалымдаган.

Дагы караңыз «Тез жардам» автоунааларын сатып алуудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

2020-жылдын 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.(SE\AiB\ZKo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баасы менен сапаты талкууга түшкөн "Тез жардам"

Дагы караңыз

«Түрмөдө соцтармактар менен иштеп жаттым» Садыр Жапаров жана саясий күчтөр Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганы маалым болдуАКШ: Инаугурация алдындагы кооптуу эскертүүМонголиянын Хөвсгөл көлүндө 6,8 даражага жеткен жер титирөө болдуЭл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым