Данияр Аманалиев: Карыздар көбөйдү, сырттан акча тартуу кыйын (видео)

Экономикалык көрсөткүч улам төмөндөөдө.

Ишкер, экономикалык эксперт Данияр Аманалиев 10-январдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан эл кереметти күтүп жатканын айтты.

«Тилекке каршы, эл өзүнө жоопкерчилик албай, сырттан бир кереметти, сыйкырчыны күтөт. Ушул үмүттөн улам убаданы көп берген талапкер жеңишке жетишти. Ал берген убадаларынын баарын аткара алабы? Карыздар көбөйдү, эми эл аралык чөйрөдөн, сырттан акча тартуу кыйын. Бул үчүн мыкты дипломатия керек. Бирок жаңы бийликтин буга дарамети жетеби, белгисиз», - деди Аманалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр 2020-жылы төмөн түшүп, 1990-жылдардын башындагы көрсөткүчкө теңелгени айтылууда. (BCh)

Дагы караңыз

Сооронкулова: Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгени - кооптуу көрсөткүчБеларустагы саясий тиреш бүтчүдөй эмесАбакиров: Бийликке келген күчтөр үчүн чыныгы күрөш алдыдаИИМ: Шайлоо учурунда жети кылмыш иши козголдуМадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады (видео)