Мелис Аспеков менен Улан Жураев эки айга камалды

Садыр Жапаров жана Мелис Аспеков. 8-октябрь, 2020-жыл.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кылмышка байланыштуу шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта болушат.

УКМК эки жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмышка шектелип жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгон.

Тергөө Аспеков менен Жураев «укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылганын, ишкана ээлери аталган каражатты бергенин аныктаган.

Кылмышка шектүүлөрдүн тарапкерлери айыптоолор боюнча пикирин билдире элек.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин айткан. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Аспеков Жапаровдун шайлоо штабында иштебегенин айтты.

Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары абактан бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган. Шайлоонун үгүт маалында Жапаровду колдоп келген. (ZKo)

Дагы караңыз

Жакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элекКөпчүлүк талапкерлер Бишкекте жана Чүйдө добуш беришүүдө«Жалпы иш» коомдук фонду: Шайлоо күнү түшкө чейин 30 мыйзам бузуу катталдыТүркиядагы кыргызстандыктар эки шайлоо тилкесинде добуш беришетБШК: Административдик ресурс колдонуу боюнча 17 арыз түштүКүндүн суугунан Оштогу № 5551 шайлоо участогу башка имаратка көчтүКараколдо тез татым жайында газ баллон жарылып, бир киши кайтыш болдуТүштүк Сахалинде алгачкылардан болуп шайлоо аяктадыПрезиденттик шайлоону «өттү» деп жарыялоо пайыздык чектен көз каранды эмес