Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Түркиядагы кыргызстандыктар эки шайлоо тилкесинде добуш беришет


Президенттик шайлоо жана референдум. Бишкек, 10-январь, 2021-жыл.
Президенттик шайлоо жана референдум. Бишкек, 10-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата Түркиянын Анкара шаарындагы элчиликтин жана Стамбулдагы башкы консулдуктун имараттарында шайлоо тилкелери ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу катталган. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы башкы консулдукта катталган.

Түркиядагы кыргызстандыктар бул өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алышкан. Ага ылайык элчиликте жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе алат.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Жалпысынан 2394 шайлоо участогунун 48и чет мамлекеттерде, алардын экөө Түркияда ачылган.

Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда чогуу өтүп жатат. (ElB)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG