Орусиянын Түштүк Сахалин аймагындагы консулдук бөлүмдө ачылган шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча 10-январда, саат 3:00тө ачылган. Алгачкылардан болуп ишин баштаган бул шайлоо тилкеси ишин да биринчилерден болуп жыйынтыктады. Андан тышкары Владивосток шаарындагы шайлоо участогунда да добуш берүү аяктады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров брифингде билдирди.
Орусияда Түштүк Сахалинден тышкары Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.
Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, шайлоо тизмесине катталгандар мунун 10% да түзбөй турганын Орусиядагы кыргызстандык активисттер маалымдап келишет.
Мындан тышкары Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Украинада, Астрияда, Италияда, Францияда, Улуу Британияда жана АКШда да шайлоо тилкелери бар.
Учурда чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон жана биометрикалык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктар добуш берүүдө.
Тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаровдун билдиргенине караганда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00кө карата чет өлкөлөрдө 5 124 кыргызстандык шайлоочу добуш берди. Бул жалпы чет жактарда катталган шайлоочулардын 10% түзөт. (ZKo)
Дагы караңыз
Шайлдабекова: шайлоо тилкелеринде сүрөт, видео тартууга тыюу салынбайтБайкоочу Мамасалиева: Ошто добуш сатып алган, шайлоочуга басым кылган спортчулар пайда болду Маданият министри талаштуу шоуга катышкан ырчылардын ишмердигине чектөө коюларын айттыОш милициясы: Журналисттер шайлоо комиссиясынын уруксаты менен гана видео, сүрөт тарта алышатКазакстанда парламенттик шайлоо оппозициячыл талапкерлерсиз өтүп жататБШК: Саат 14:00ге карата шайлоочулардын 18,5% добуш берди«Кызыл зонадагы» дарыгерлер менен бейтаптар добуш беришпейтБишкекте кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» жүрүшү өттүЖакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элек