УКМК: «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен пара талап кылгандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активистти кармады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Жыйынтыгында ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)

Дагы караңыз

ЕАЭБ, коррупция жана энергетиканы эске салган соңку дебатБийликти сындаган тамашага тыюу салындыНарындагы оорукананын курулушу токтоду Беларуста митингге чыккандар камала баштадыБабанов чакырылган сурак, Атамбаевге кошулган ишӨкмөт Жетим-Тоо боюнча планынын четин чыгарды