Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү. Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.
Учурда №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштерине дагы бир иш кошулганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди:
«Атамбаев мектептин курулушу тууралуу кагазга «макулмун» деп кол коюп берген. Бул өкмөттүн чечкен маселеси болчу. Анын үстүнө насыя эмес, Кытайдын грантына курулган. Мектеп Калыс-Ордого эмес, Өзгөнгө же Москва районуна курулушу керек болчу деген негизде иш козгоп жатышат».
Сөз болуп жаткан Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон.
Экөө тең 2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камалган.
Бишкектин Ленин райондук соту 2019-жылы 23-декабрда Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сомго айыпка жыгып камактан бошоткон. Ал эми Ибраимов мектеп курулушундагы коррупция жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.
Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Албек Ибраимов 6-октябрга караган түнү тарапкерлери тарабынан бошотулган.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) абактан чыккан саясатчыга 12-октябрга чейин өргүү берилгенин маалымдап, ал бүткөн соң өз эрки менен абакка келбесе чара көрүлөрүн эскерткен. Кийинчерээк Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон. Учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.
Ал эми Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу айыпталган. Ал Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп 11 жылга эркинен ажыратылган.
Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Учурда Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот уланууда.
Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президентке байланышкан дагы бир ишти мындайча жоромолдоду:
«Азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевден чочулап турат. Анткени Атамбаев күчтүү саясатчы, саясий абалга таасирин тийгизе ала турган адам. Ошондуктан жаңы бийлик анын бөгөт чарасын өзгөртпөй жатат. Саясий куугунтукту токтотпой, улантууда. Мунун башка себеби жок. Болбосо Садыр Жапаров Атамбаев тууралуу бир нече жолу пикирин билдирди. «Атамбаевди кечирдим», «саясий куугунтук болбойт» деди. Бирок куугунтук токтобой жатат. Демек, Атамбаев күчтүү, саясий оппонент болот».
Бабанов суракка чакырылды
Ал арада мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызмат 7-январда маалымдады.
Расмий кабарга ылайык, Бабанов УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары өтүүдө. УКМКнын билдирүүсүндө «белгиленген кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалымдалып турат» деп жазылган.
Бирок кайсы кылмыш иштери экени тууралуу сөз болуп жатканы ачык айтылган жок.
Өмүрбек Бабанов 9-январда өзү бул күнү сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, атайын кызмат мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда козголгон иштер боюнча чакырганын билдирди. Тергөөнүн купуялуулугун жүйө кылып кайсы иштер экенин ачык айткан жок.
Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 29-августунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан.
Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.
Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу 2019-жылы апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.
Өмүрбек Бабанов саясаттан кетерин президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин, 2017-жылдын 30-декабрында билдирген жана депутаттык мандатын тапшырып, Орусияга чыгып кеткен. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки толкундоодо келип, митингдерде сүйлөп, саясатка кайтканын жарыялаган.
2020-жылдын октябрь айындагы тополоңдо камактан чыккан Алмазбек Атамбаев 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов катышкан митинг жети киши жабыркаган кагылышуу менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.
Кийинчерээк Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаров менен жолукканын, аны колдой турганын билдирген.
Саясат талдоочу Айданбек Акматов буларга токтолду:
«Түшүнүксүз саясий окуялар болууда. Балким саясий позицияларында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Биз билгенден Бабанов Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин кандайдыр бир кепилдиктерди алгандай болду эле. Атамбаев менен да сүйлөшүүлөр болгон. Ошондуктан аны бир туруп УКМКнын тергөө абагынан колонияга которуп, бир туруп кайра абактан атайын кызматка алып келип жатышты. УКМКнын башчысы Атамбаев менен жолугуп, көмүскөдө саясий соодалашуу жүрүп жаткан. Мына ушулардын натыйжасы болушу мүмкүн. Учурда Атамбаевге эң жакын болуп саналган Абдил Сегизбаев, Курсан Асанов президенттик шайлоого катышып, бийликтин талапкерин кескин сынга алып жатат. Анын позициялары менен макул эмес экенин ачык айтышууда. Бул саясий бир өңүтү болушу мүмкүн. Ал эми коррупцияга каршы күрөшөбүз деген тарабын да карап көрүшүбүз керек. Бирок мен саясий жагына көбүрөөк ооп турам».
Жарандык активист Руслан Акматбек азыркы бийлик шайлоодон кийинки кырдаалдын камын көрүп жатат деген пикирде.
«Азыркы бийлик шайлоодон кийинки ыктымал боло турган окуялардын алдын алып жатат. Ар кандай нааразылык болушу мүмкүн. Коомдун пикири ар түрдүү. Бир талапкерди 100% эл колдобойт да. Ошондуктан бийликтин бул аракети башка оппоненттерге белги. Биз кайсы саясий лидер болбосун күрөшөбүз дегендик. Эскертүү десек болот», - деди ал.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев коррупцияга аралашкан аткаминер сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин айтты:
«Калыс-Ордодогу мектеп тууралуу менин да кабарым бар. Ал жер абдан талаштуу болчу. Депутат болуп жүргөн кезимде талашып-тартышып жатып жерди сактап калгам. Бирок кийин өзүм билемдик менен коррупциялык иштерди аралаштырып жиберишти. Ким кылмыш жасаса эртели-кеч жооп бериши керек. Мына, азыр күн сайын бир-экиден киши коррупция үчүн шектүү катары кармалып жатат. Бир гана Атамбаев эмес. Мына, кечээ жакында Транспорт министрлигинин стат-катчысы кармалды. Андан мурда Бишкек эркин экономикалык аймактын мурдагы жетекчисин кармашты. Жаңы бийлик октябрдын башында элге берген убадаларына туруп, УКМК, Финпол, Башкы прокуратура өздөрүн иштерин ырааттуу аткарып жаткандай туюлуп жатат. Эми ушул иштер калыс тергелип, сотко жетиши керек».
10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.