Коронавирус 600дөн ашык журналисттин өмүрүн кыйды

Коронавирустан каза болгондорду жерге берүү учуру.

Былтыркы жылдын тогуз айында коронавирус 59 мамлекетте 600дөн көп журналистин өмүрүн алды. Бул тууралуу 7-январда Женевада жайгашкан «Press Emblem Campaign» уюму билдирди.

Каза болгон журналистердин жарымынан көбү Латын Америкасында катталган, андан кийин Азия турат.

Уюм журналисттер коронавируска каршы вакцина алууда алдыңкы катарда болушу керек деп эсептейт.

«Өз кесибине байланыштуу журналисттер ар кандай окуяларды чагылдыргандыктан вирус жугузуп алуу коркунучуна көп кабылышат. Алардын айрымдарынын үйдөн чыкпай иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок», - деди «Press Emblem Campaign» уюмунун баш катчысы Блез Лемпен.

Аталган уюм коронавирустан өлгөн журналисттердин саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин болжолдоп жатат. Анткени айрым мамлекеттерде өлүмдүн себеби жашырылган болушу ыктымал.

Перудагы журналисттер бул илдеттен баарынан көп жабыр тартышкан. Ал жакта вирустан 93 медиа кызматкери көз жумган.

Дагы караңыз

АКШ Конгресси Жо Байдендин жеңишин биротоло бекиттиБишкектеги ыш маселеси өкмөт өкүлдөрү менен талкууланатУКМК талапкерлердин биринин жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын билдирди