Кыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга 400гө жакын эл аралык байкоочу катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-январга карата 30дан ашуун эл аралык уюмдан, 44 өлкөдөн 400гө чукул байкоочуну расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда катталгандырдын басымдуу бөлүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламент аралык ассамблеясынын байкоочулары түзөт.

Булардан тышкары байкоочулары катталгандардын арасында КМШга кирген мамлекеттер, Шанхай Кызматташтык Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы, Ислам Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун парламенттик ассамблеясы бар.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. (ZKo)

Дагы караңыз

БШК: Шайлоочулардын көбү Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкекте катталганЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту Гонконгдо 50дөй демократиячыл активист кармалдыАрмениянын президентинен коронавирус табылдыАКШ: Жоржия штатындагы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылуудаДарыгери коронавирустан каза болгон айылга «Азаттыктын» баянынан кийин «Тез жардам» машинеси берилдиӨкмөт Бишкек менен Чүйдүн экологиясын жакшыртуу планын жарыяладыБишкекте «Тез жардам» кызматкерлери коопсуздук үчүн каска кийишет