ИИМ: Шайлоодон кийин нааразылык болсо күч колдонулбайт

Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккандарга күч колдонулбай турганын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүн, 6-январда басма сөз жыйынында билдирди:

«Азыр бизде шайлоодон кийин кырдаалды чайпалтуу максатында чагым иштери даярдалып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай аракеттерди кылгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. WhatsApp жана башка соцтармактардан тастыкталбаган, чагым маалыматтар таратылып жатат. Учурда 50дөн ашуун ушул сыяктуу маалымат текшерилип жатат».

Министрдин орун басары ошондой эле кырдаалдын туруктуулугун бузууга шарт түзүүчү макалалар жарыяланган маалымат каражаттары да жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Урмамбетовдун журналисттерге билдиргени боюнча, президенттик шайлоо жана референдум күнү 11 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт. Милиция башка күч кызматтары менен кошо күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 6-январдан тартып өттү.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салды. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК: 10-январь күнү коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалатБыйыл Кыргызстанда аймактык ребрендингге басым жасоо пландалып жататБишкек абасы эң кир деген шаарлардын рейтингинде сап башынан түшө элекАКШ бийлиги: Былтыркы декабрда аныкталган киберчабуулдардын артында Орусия турган сыяктанатЖогорку сот Салянованын лицензия ишине байланышкан отурумун жылдырдыУКМК «Эркин Тоо» ишин кайрадан териштирип жататАКШнын Жоржия штатында Сенатка шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш бериле баштады