Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Жогорку сот Салянованын лицензия ишине байланышкан отурумун жылдырды


Аида Салянова буга чейинки соттук териштирүүлөрдүн биринде. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова буга чейинки соттук териштирүүлөрдүн биринде. Архивдик сүрөт.

Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, соттук териштирүү 27-январга жылдырылды.

«Биз процесс болот деп келгенбиз. Прокурордун даяр эместигинен улам 27-январга жылып кетти»,- деди адвокат.

Жогорку сот бүгүн, 6-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан карамак.

Адвокат Рабига Сыдыкованын айтымында, ишти кайра кароого үч жагдай себеп болгон. Буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG