Жогорку сот Салянованын лицензия ишине байланышкан отурумун жылдырды

Аида Салянова буга чейинки соттук териштирүүлөрдүн биринде. Архивдик сүрөт.

Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, соттук териштирүү 27-январга жылдырылды.

«Биз процесс болот деп келгенбиз. Прокурордун даяр эместигинен улам 27-январга жылып кетти»,- деди адвокат.

Жогорку сот бүгүн, 6-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан карамак.

Адвокат Рабига Сыдыкованын айтымында, ишти кайра кароого үч жагдай себеп болгон. Буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШнын Жоржия штатында добуштар саналуудаCOVID-19: Германия жалпы карантинди 31-январга чейин узартып, Британиянын жолуна түштүБШК талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү жөнүндө сунушту четке кактыБШК: Шайлоодогу мыйзам бузууга каршы жаңы чаралар көрүлүүдөНорвегияда жаңы автоунаалардын жарымынан көбүн электромобилдер түздүТокмокто зордукталган кыз үйүнө кайтып бардыАида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши Жогорку сотто кайра каралатCOVID-19: 144 кишиден оору жаңы аныкталдыӨкмөт бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачууну көздөп жатат