Таласта газ баллону жарылып, 11 адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда 4-январда газ баллону жарылып, 11 адам ооруканага түштү. Алар Кара-Буура райондук ооруканасында экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Интернет булактарына газ баллону жарылганын бышыктаган сүрөттөр чыкты. Өрт кечки саат бешке жакын өчүрүлгөн.

Кырсыктын чоо-жайы так эмес, себеби иликтенүүдө.


Былтыр июнь айында Бишкек шаарында дагы бир тамактануучу жайда газ баллону жарылып, бир адам мерт болгон.

Ал эми 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, 21 жаштагы жумушчу кыз ошол жерде мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жабыркаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Антошкадагы» кырсык: күбөлөрдүн сөзү


Адистер өрттүн чыгышына биринчи кезекте этиятсыздык, андан кийин электр жабдыктарын эрежеге ылайык колдонбогондук, мештерди туура эмес салуу себеп болуп жатканын белгилешкен.