Пакистандын түштүк-батышында хазар тегиндеги 11 кенчини жоочулар өлтүрүштү

Балучистан вилайетинин башка бир (алтын жана жез чыккан) Реко Дик кени жайгашкан бөлүгү. Пакистан. 2017-жылдын 18-марты.

Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан вилайетинде көмүр кенинде иштеген хазар улутундагы кенчилерге белгисиз жоочулар кол салып, аларды барымтага алган соң, 11 кенчини өлтүрүп салышканын 3-январда пакистандык бийликтер маалымдашты.

“Ал түндөгү чабуулдун айынан бери дегенде 11 кенчи набыт болду”, – деп жергиликтүү полициянын өкүлү Нурулла маалымдады.

Жарым аскердик топтун өкүлү Муаззам Али Жатойдун айтымында, бул чабуул Кветта шаарынан 48 чакырымдай чыгышыраактагы Мач көмүр кенинде болгон.

Жатойдун айтымында, барымтага алынган кенчилерди жоочулар жакыныраак коктуга алып барып, аларга ок жаадырышкан. Кенчилердин алтоо дароо курман болуп, бешөө ооруканага жетпей жолдо каза болушкан.

Бул кенчилер этностук жана диний азчылыкты түзгөн шийи ишениминдеги хазарлар болгондугу үчүн бутага алынышкандыгын, башка тектеги кенчилерге жоочулар тийишпегендигин Жатой тастыктады.


Пакистандын премьери Имран Хан “Твиттерде” билдирүү жарыялап, күнөөсүз 11 көмүр кенчисинин өлтүрүлүшүн “коркоктук жана адемгерчиликсиз террордук аракет” деп терең айыптады.

Дагы караңыз Ооганстанда хазара туткундары бошотулду

Исламдын шийи нугун туткан хазарлар акыркы жылдары Пакистандагы жана Ооганстандагы сунний жоочуларынын, алардын арасында ашынган “Ислам мамлекети” тобунун террорчуларынын чабуулуна кабылып келет.
Балучистан вилайети Ооганстан жана Иран менен чектеш. Бул чөлкөм 2004-жылдан бери жикчилдик, зомбулук, диний араздашуу жана башка аракеттердин запкысын көрүп келет. (TT)