Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Пакистандын Кветта шаарында кандуу кол салуу болду


Кветтадагы жарылуу.
Кветтадагы жарылуу.

Пакистандын Кветта шаарында бомба жарылып, кеминде 18 киши мүрт кетип, 50дөй киши жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы «Талибан» кыймылы менен байланыштагы «Техрик-и Талибан» уюму өзүнө алды.

Полициянын башчысы Абдур Раззак Чиима жардыруучу түзмөк кымгуут түшкөн базардын жанында токтоп турган машинеге коюлганын билдирди. Өлгөндөрдүн арасында экиге толо элек бала бар. Полициянын өкүлү хазарей жамаатынын өкүлдөрү бутага алынган деп болжолдойт.

Кветта шаары - Балучистан аймагынын башкалаасы. Хазарейлердин саны 2 жарым миллион тургуну бар аймакта 500 миңге жетет.

Пакистандагы талиб согушкерлери буга чейин коопсуздук күчтөрүнө кол салып келишкен.

XS
SM
MD
LG