"Инстаграмдагы" эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык

Криштиану Роналду - португал курамасынын капитаны.

"Инстаграм" тиркемесинде эң көп окурманы - 250 миллион катталуучусу бар эсеп италиялык футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунуку болуп калды.

1985-жылы туулган теги португал спортчу Криштиану Роналду (Cristiano Ronaldo dos Santos Aveiro) италиялык "Ювентус" клубу жана португалиялык курама үчүн ойноп келет.

Дагы караңыз Биз Роналдунун доорунда жашадык

Роналдунун көрсөткүчүн 382 миллион колдонуучусу бар "Инстаграмдын" өзүнүн расмий баракчасы гана басып өтөт.

Белгилүү футбол жылдызынан кийин америкалык ырчы, «Грэмми» сыйлыгынын ээси Ариана Гранде айым 214 миллион катталуучусу менен экинчи орунда турат.

"Инстаграм" тиркемеси акыркы беш жыл ичинде дүйнө жүзүндөгү калайык көбүрөөк колдонуп жаткан интернеттик коомдук тармактардын бирине айланды. Ал сүрөт, видео гана жүктөп тим болбостон, коомдук баарлашуунун да каражатына айланды. (TSh)

Дагы караңыз

Сурабалдиева бачабаздардын аты-жөнү жазылган маалымат базасын түзүүнү сунуштады Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган кезектеги жүрүш болду (видео) Ошто дүлөйлөр үчүн диний баяндар өткөрүлүүдөЖумушчу топ БШКга Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштады