Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Биз Роналдунун доорунда жашадык


Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Сөздү баштардан мурун бул блог Роналду менен Мессини салыштыруу максатында эмес экенин айтып койбосо, эки жааттын күйөрмандары жаакташып кетмей жайы бар эле.

Окуучу кезде азыркы эле “Азамат” автобазарына барып машине жууп, теңтуштар тыйын табабыз. Тапканыбызды кийинки жумага чейин ар нерсеге коротобуз. Мен тапкан акчага биринчи кезекте Алматыдан басылып, Бишкекте сатылган “Гол” деген журналды жума сайын алам. Ал кезде 18 сом болчу.

2003-жылдын сентябрь айынын башы. Ошол “Голдун” башкы бетине "Манчестер Юнайтедге" жаңы мыкты оюнчу келгени тууралуу жазылып, сүрөтү менен басылды. Болгондо да ал жаш балага атактуу Дэвид Бекхемден калган “жетинчи” номурду ыйгарышыптыр. Журналдын түстүү бетиндеги бала өзүңүздөр сезип жаткандай Криштиану Роналду эле. Мен сүрөттү карап көпкө таң калдым, бир чети суктандым. “Кантип жаш балага жетинчи номурду берип койду?” – дедим. Себеби ал номурдагы футболканы "Манчестерде" легендага айланган футболчулар гана кийишчү.

Роналдунун "МЮдагы" алгачкы жылы. 2003-жыл.
Роналдунун "МЮдагы" алгачкы жылы. 2003-жыл.

2000-жылдары азыркыдай чемпионаттарды сыналгыдан эркин көрүү деген жок болчу, Интернет жөнүндө түшүнүк жок. Андыктан Роналдуну сүрөттөн гана көрмөй. Чемпиондор лигасын орустардын “НТВ” каналы чочугансып анда-санда бир көрсөтүп койот, ошондо орус клубдары “Манчестер” менен ойногондо гана көрбөсөк, башка учурда ОРТ, РТРдеги спорт жаңылыктарындагы кыскача үзүндүлөрүнөн көрүп элес алчумун.

Ал эми Кыргызстан Криштиану Роналду деген оюнчуну 2004-жылы жакындан тааныды окшойт. Ошол жылы Португалияда футбол боюнча Европанын чемпионаты өтүп, Роналду өз өлкөсү менен финалга чейин жетип, Грецияга утулуп калган. Ошондо Роналду шолоктоп, эки көзүн кызартып ыйлаган десем эстейт болушуңар керек.

Англиядан - Европага...

Кийинки жылдары Роналду алдыңкы футболчуга айланып, “Манчестер Юнайтедди” алга сүрөй берди. Мен студент болдум, ал дагы эле жүгүрүп жүрөт дегендей. Анын Англияда алган сыйлыктары көп болгону менен Европанын чоң турнирлеринде кубоктору жок болчу.

2008-жылы “МЮ” Чемпиондор лигасынын финалына чейин жетти. Мен ошол учурда төртүнчү курста элем. Жатаканадагы балдар болуп Роналдунун биринчи ирет Европаны клубдук деңгээлде багынтканына күбө болдук.

Бир жылдан кийин мен диплом алып окууну бүттүм, Роналду ошол жылы "Манчестер Юнайтед" менен кош айтышып, азыркы ойноп жаткан “Реал Мадрид” клубуна 93 миллион еврого өттү. Ал маалда Роналду дүйнөдөгү эң кымбат оюнчу болуп, бүт дүйнөнүн оозун ачырган.

Роналду бешинчи ирет Чемпиондор лигасын утту. 2018-жыл.
Роналду бешинчи ирет Чемпиондор лигасын утту. 2018-жыл.

“Реалда” ал чогултпаган сыйлык, наам, рекорд жана кубок калган жок. Башкасын коюп Чемпиондор лигасын эле алсак, төрт жолу утту, анын ичинен үч жолу удаасы менен жеңишке жетти. Роналду жылдан жылга формасын жоготпостон кайра чыңалды.

Негизи футболдо чабуулчулардын карьерасы 30 жаштан кийин барып дароо токтойт. Ал эми Роналду 2016-жылы 31 жашында Португалияны ээрчитип алып, Европа чемпионатына келди. Жогоруда айтпадымбы, 2004-жылы Роналду Европа чемпионатын финалында ыйлаган бойдон кеткен.

Бул саам Криштиану ал кездегидей жаш эмес, командасы да ошол маалдагыдай күчтүү эмес эле. Андыктан мен эле эмес, футбол эксперттери да Роналду жана Португалия утуларын алдын-ала болжоп коюшкан. Бирок, Роналду оюн сайын командасын сүйрөп, акыры финалга алып чыгып, ал жактан конок ээлери франциялыктарды да утуп, карьерасында жетпей жүргөн "Европа чемпиону" деген наамды алды.

Мен болсо... тээ окуучу кезде эле Роналдуну байкап келаткан мен эбак үйлөнүп, ал тургай улуу кызым бешке чыкты, Роналду болсо дагы эле жүгүрүп жүрөт. Ал бешинчи жолу дүйнөнүн мыкты оюнчусу аталып, беш жолу Чемпиондор лигасын утуп, дагы ошончо ирет "Алтын топко" ээ болду.

Португалия - Европанын чемпиону. 2016-жыл.
Португалия - Европанын чемпиону. 2016-жыл.

Европадан - дүйнөгө...

Быйыл болсо кызым биринчи класстын босогосун аттайт. Ал эми Роналду Португалиясы менен Орусияга дүйнө чемпионатына келди. 33 жаштагы Роналду мурдагыдай курч эмес, анын Португалиясын дагы эле футбол эксперттери алдыңкы он команданын арасынан чыгарып салды. Болгондо да Португалиянын биринчи оюну Европанын күчтүүсү болгон Испанияга каршы туш келди. Бул оюнга кенен токтолуштун деле кажети жок. 15-июндагы эки өлкөнүн оюнун баары эле көргөн чыгар. Кыскасы, Испаниянын футболчулары бир тең, Роналду жалгыз бир тең оюн көрсөтүп, Криштиану жалгыз Испанияга үч гол киргизди.

Бул матчтан кийин Роналду бүтүндөй эксперттердин пикирин өзгөрттү көрүнөт. Бир оюндан кийин эле Португалия алдыңкы ондукка кирип барды.

Криштиану Роналдунун жулунганында кеп бар. Анын медаль тактасында "Дүйнө чемпиону" деген кубоктун орду гана бош турат. Аны канчалык күлүккө теңегенибиз менен кийинки дүйнө чемпионатында Роналду 37 жашка чыгат экен. Демек быйылкы чемпионат менен Роналдуга дүйнөнү багынтууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Айтор, чемпионат жаңы эле башталып, дагы бир айга созулат. Башкалар менен катар Португалиянын оюндарына дайыма өзгөчө көңүл бурулат. Ал өлкөдө Криштиану Роналду бар. Ал жөн Роналду эмес. Роналдуну аздыр-көптүр отуз жылдык жашоомдун жарымынан ашык мезгилинен бери тааныймын. Ал 16 жылдан бери дүйнөдөгү футболдон өз атын өчүрбөй келет. Спорттун кайсы түрү менен машыкса да Роналдуну үлгү кылган адам жаңылбайт. Роналду - чоң мотиватор, Роналду - мыкты атлет, Роналду - бул кыялдарды ишке ашыруу.

Орусия-2018. Португалия-Испания оюну. 15-июнь, 2018-жыл.
Орусия-2018. Португалия-Испания оюну. 15-июнь, 2018-жыл.

Биз бардыгыбыз азыркы учурдан ырахат алып, Роналдунун оюнун түз эфирде көрүп жатканыбызды баалай билишибиз керек. Анын сырткы келбети ошол бойдон калса да ал-күчү жыл сайын кемип, футболдогу акыркы жылдарын өткөрүүдө. Албетте, футболчулардын уучу кур эмес, дагы далай күчтүүлөр чыгат. Кийинки муун өзүнүн “Роналдусун” таап алат деңизчи. Бирок, канча кыйыны келбесин, дүйнөнүн беш жолку мыкты оюнчусу боло алышы күмөн.

Биз Пелени түшүнбөгөндөй эле, кийинкинин мыктыларын биз ар дайым өзүбүздүн Роналдуга салыштыра жүрөбүз. Анткени биз Криштиану Роналдунун алтын жылдарында бирге жашадык жана анын кандай экенин сиз экөөбүз гана билебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG