Грозныйдагы кол салууга ИМ террордук тобу жоопкерчилик алды

Кол салуу болгон жер. Грозный, 28-декабрь, 2020-жыл.

Чеченстандын борборунда 28-декабрдагы бир полиция кызматкеринин өмүрүн алган кол салуу боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кандуу окуя Грозныйдын борборунда орун алган. Расмий маалыматка караганда, бир туугандар Хасан жана Хусейн Тимурзиев патрулдук кызматтын инспекторуна бычак менен кол салып, куралын тартып алууга аракет кылган. Кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, өнөктөшү жараат алган. Ингушетиянын тургундары Тимурзиевдер кармоо учурунда өлтүрүлгөн. (TSh)

Дагы караңыз

Адвокат: Садыр Жапаровдун барымта боюнча иши 21-октябрда кыскарган Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгыштыКазакстандын президенти өлүм жазасын тыйган мыйзамга кол койдуӨкмөт 8-январга чейин мал-жандыктарды сыртка сатууга уруксат бердиУКМК: теракт жасоого аракет кылган киши кармалды