Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Өкмөт 8-январга чейин мал-жандыктарды сыртка сатууга уруксат берди


Кыргызстандагы мал базарлардын бири. Архив.
Кыргызстандагы мал базарлардын бири. Архив.

Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги буга чейин тыюу салынган мал-жандык жана айыл чарба азыктарын сыртка чыгарууга бир жумага уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, мындай чечим көптөгөн жолугушуулардагы сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Айрым ишкерлердин товар жеткирүү боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерин аткарып алууга убакыт берилди.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эт чукул кымбаттап кеткендиктен, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө тирүү мал сатууну тыйган. Ага чейин Кыргызстандын союмга жарамдуу малы Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатылып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG