Коронавирустун жаңы штаммы Түркияда да катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды.

Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады.

Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди.

Ал эми Түркиянын Транспорт министрлиги 1-январдан баштап Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады.

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, жаңы штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат. Бирок бейтаптардын өмүрү үчүн мурдагыга салыштырмалуу анын кооптуу экени жөнүндө маалыматтар тактала элек. (ElB)

Дагы караңыз

Шайлоо: үгүт учурунда бузулган мыйзам Коронавирус дагы эки медициналык кызматкерден табылдыӨкмөт 8-январга чейин мал-жандыктарды сыртка сатууга уруксат бердиCOVID-19 бир күндө дагы 58 кишиден табылып, илдеттен эки киши көз жумду