2020-жыл: Тумоо, Үмүт ыңкылабы, Айсулуунун алтыны

“Элечек жумалыгы” учурунда сүрөткө түшүп жаткан айымдар. 30-октябрь

"Азаттык" 2020-жылдагы Кыргызстанда болгон орчундуу окуялардын сүрөттөрүн топтоду.

Ээн калган Бишкек, кыргызстандыктардын карантиндеги жашоосу, пандемия учурундагы оор күндөр жана айрымдар "Үмүт ыңкылабы" деп атаган элдик толкундоолор...

2020-жыл Кыргызстан үчүн окуяга бай жана оор жылдардан болду. Мунун баарын "Азаттык " топтогон сүрөттөр эске салат.

Православ христиандары ыйык чокундуруу майрамы учурунда Ак-Буура дарыясынын боюнда чокунуу жөрөлгөсүн өткөрүп жаткан чиркөө кызматкери. Ош шаары. 20-январь.

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде эс алып отурган шаар тургундары. 14-февраль. 2020-жылдын январь, февраль айлары адаттагыдан жылуу болуп, кар аз түштү.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик жүрүшү» нааразылык чарасына катышкан кыздардын бирин милиция кызматкерлери кармап кетип жаткан учур. (Бул иш-чара башталар алдында белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Милиция аларга кийлигишпестен, тескерисинче 70тей тынч демонстрант айымды жана айрым журналисттерди кармап, шаардын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген). Бишкек шаары. 8-март.

Тамак-аш алган жарандар баштыктарын дезинфекциялатып жатат. Сузак району. Кыргызстанда алгачкы вирус жугузган үч адам 18-мартта аныкталды. Алар Сузак районунун Сауд Арабиясына умра зыяратына барган тургундары болуп чыкты. Мындан улам 20-мартта коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланып, аталган райондорго блокпосттор орнотулду.

Бишкектин кире беришиндеги блок посто дене табын өлчөтүп жаткан киши. 25-март. Бишкекте коронавируска байланыштуу 25-марттан тартып өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам бош калган Ош шаарынын көчөсү. 17-апрель. 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Сузак району өзгөчө абал режими киргизилген. Өзгөчө абалдын шартында түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүзү дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

Карантинге байланыштуу эрте жазда алган түшүмүн кайда алып барып сатуунун жолуп таппай же коюлган посттордон өтө албай дыйкандардын түйшүгү арбыды. Араван району. 14-апрель.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп жатат. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өттү.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына катышып жаткан жаштар. 29-июнь.

Бишкектин кире беришиндеги блок постто турган жоокер. 1-майдан тартып өлкөдөгү карантиндик чаралар жеңилдеп, блокпосттор алынып, ири шаарлар мурдагы жашоосуна акырындап кайта баштады.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында коронавирустан каза болгон бейтаптын сөөгүн машинеге жүктөп жаткан медицина кызматкерлери. 7-июль. Июнь айынын этегинде Кыргызстанда СOVID-19 илдети күчөп, ооруканалар бейтаптарга толду. Бул учур кыргыз тарыхында «кара июль» катары катталып калды. Июлдун ортосунда вирустан бир күндө каза болгондор рекорддук чекке жетип 100 адамдан ашты.

Бишкектеги спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар. 9-июль. Июлдун ортосунда коронавирус күчөп ооруканаларга бейтаптар батпай, мектептерде, спорт залдарында, кафе-ресторандарда күндүзгү дарылоочу жайлар ачылып, "кызыл зонага" айланды.

Жалал-Абад шаарындагы айттаган аксакалдар. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. 31-июль.

Ала-Тоо аянтындагы салтанат. Эгемендик күнү бул жылы коронавирус пандемиясынан улам ашыкча шаан-шөкөтсүз өттү.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейреги да көпчүлүк мектептерде 1-класстан башка класстар үчүн аралыктан башталган. Сентябрь.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери мектептер сабакты түрдүү интернет-платформалар аркылуу өткөрүп жатышат. Бирок ата-энелер тийиштүү техникалык каражаты жоктор үчүн бул ыкма кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда.

Балдардын онлайн окууга толук тартылбай жатканына айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү телефон менен телевизордун жетишсиздиги, кээ бир аймактарда Интернеттин жоктугу да себеп болууда.

Бишкектеги шайлоо участокторунун биринде урнаны орнотуп жаткан жумушчу аял. 2-октябрь. Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өттү. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

5-октябрь күнү парламенттик шайлоодон өтпөй калган бир нече партиялардын өкүлдөрү Ала-Тоо аянтына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар менен шайлоодо көп добуш алган башка партиялардын өкүлдөрү кайым айтышып, митинг үзгүлтүккө учурады.

6-октябрга караган түнү Бишкекте демонстранттардын милиция менен кагылышуусунда бир адам каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган жана алардын айрымдары көзүнөн, колу-бутунан айрылып, майып болуп калышты. Бул түнү 13 адам абактан чыгарылды. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков, Садыр Жапаров бар.

Массалык башаламандыктан кийин Ак үйдүн ичинде желекти кармап столдун үстүндө басып бара жаткан бала. 6-октябрь. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты.

Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтында митингге чыккан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын таш менен уруп, аянттан кууп жаткан учуру. 9-октябрь.

Жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп жатат. 14-октябрь. 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү өттү. Акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, “Хандыкка жол жок!” деген ураандын алдына биригишкен.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды. Сербия, Белгард шаары. 15-декабрь.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, кармаштын бүтөөрүнө бир нече секунда калганда атаандашын жерден дээрлик толук көтөрүп, далысы менен жерге чапты. Бул ыкмасы үчүн беш упай берилди. Тыныбекова атаандашын 14:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. 16-декабрь.