«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу 28-декабрда Бишкекте парламентаризмди колдоо кыймылын түзүү боюнча иш-чарада сүйлөп жатып айтты. Ал Интернет бүгүнкү күндөй кенен колдонула электе кимдин колунда мамлекеттик телеканал болсо ошол адам үстөмдүк кылганын, азыр абал өзгөргөнүн билдирди.
«Кимдин акчасы, «троллдору» көп болсо ошол коомдук пикирди манипуляция кылып, элдин пикирин өзгөртүп жатат», - деди Текебаев.
Интернеттеги коомдук пикирге байкоо жүргүзгөн адистер Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуган кезде социалдык тармактардагы «фейктер» менен «троллдор» элдин маанайын, пикирин бурмалап, ички саясатка таасир этүүгө аракеттенгенин белгилеп жатышат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары, фактчек менен алектенген журналисттер буга чейин «фейктердин армиясы» саясий кырдаалга жараша кайсы бир топторго өтүп кызмат кыларын бир нече жолу иликтеп чыгышкан.
«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2020-жылдын июнь айындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда «Фейсбукту» 710 миң, «Инстаграм» тиркемесин 2,5 миллиондой адам колдонот. (BTo)
Дагы караңыз
Жапатырмак психоздун курмандыгы болбойлуСоциалдык тармактар: Талкуулоо же талкалооКыргыз саясатындагы фейктердин күчүКыргызстандагы троллдор фабрикасы улам жаңы кожоюн үчүн иштөөдө: иликтөөДемократияга доо кетирген онлайн опуза«Фейктерди токтотуунун жолун издеп жатабыз»