Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Жапатырмак психоздун курмандыгы болбойлу


"Сөз эркиндиги – жапатырмак жинденүүдөн айыктырчу мыкты дары" деген ураанды көтөргөн кыз ЖМК каражаттарынын эркиндигин колдогон "Чындык жүрүшү" маалында. Москва шаары. 2014-жылдын 13-апрели.
"Сөз эркиндиги – жапатырмак жинденүүдөн айыктырчу мыкты дары" деген ураанды көтөргөн кыз ЖМК каражаттарынын эркиндигин колдогон "Чындык жүрүшү" маалында. Москва шаары. 2014-жылдын 13-апрели.

Шайлоо өнөктүгү маалында ак-караны элебеген жапатырмак жинденүүгө (психозго) батуу – улут болочогуна кедергисин гана тийгизет. Журналист Аким Кожоевдин кезектеги блогу.

Алгы сөз

Ачыгын айтсам, «жакшылардын» бири-бирин шыбаганына жийиркенип, мышык-чычкан оюнунан тажап, мындан ары саясий темада такыр жазбайын деп чечтим эле, бирок ааламтордогу (интернеттеги) массалык психоз, кээ бир замандаштардын айбандык инстинктин тескей албай, ашкере аша чаап жатышы колума калем алууга мажбур кылууда.

"Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес..." - эскирген макал

Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, эч бир заманда, эч бир элде немистер Гитлерди көкөлөткөндөй, мактагандай, ага ишенгендей көрүнүш болбоптур. Гитлерди Пайгамбардан ашырып, Жер бетиндеги Кудайдай көрүп, ага сыйынып, ага бүт эркин, бүт тагдырын табыштаган немис элинин айрым бөлүгүнүн ошол учурдагы кылык-жоругуна бүгүн да акылым жетпейт. Анткени немистердей көрөгөч, акылман, сергек, эсеп-кысапчыл эл дүйнөдө аз. Анан кантип ошондой экинин бири дегидей даанышман калк миллиондордун убалына калган канкор Гитлерди жаратты?

Ооба, Гитлер өзүнөн-өзү эле пайда боло койгон жок. Гитлерди бүт жер жүзүн титиреткен залимге, кан ичкич зөөкүргө айландырган анын жандоочулары эле эмес, жалпы немис элинин кыйла бөлүгү болгон. Гитлер немис элинин олуттуу бөлүгүнүн башын кантип айлантты? Дагы тактайын: элдин баарын дебесем да, дээрлик көпчүлүк бөлүгүн өзүнө кантип ишендирди же баш ийгизип алды?

Эми кеп оролу ушул жөнүндө.

Ницшенин жиктегич идеясы

Он тогузунчу кылымда «Кудай өлдү, мындан ары Кудай жок» деп жар салып, бүт адамзаттын аң-сезимин, акыл-эсин чаң-тополоң кылган чуулгандуу философ Фридрих Ницшенин «сырттан киши» тууралуу идеясын Гитлер өз идеологиясына негиз тутунуп, өзгөчө адамды эле эмес, бөлөктөрдөн өйдө турган өзгөчө улутту түптөйм деп чыккан.

Башкача айтканда, арийлербиз, Кудай бизди бөтөнчө жараткан, ошондуктан биз бүт дүйнөнү бийлешибиз керек, ал эми башка улуттар менен элдер биздин бакты-таалайыбыз үчүн кызмат кылышы, биздин жыргал турмушубуз үчүн каражат эле болуш керек деп, улутташтарынын сабатсыз бөлүгүн ишендирген.

Анын табияттын да, адамзаттын да мыйзамына жат, бүлдүргүч оюн мыкчегер идеологдору дароо илип алып, тез арада бүт өлкөгө жайылткан. Натыйжада, бешиктеги баласынан тартып токсондогу чалына чейин мындай тоталитардык сандырак жомокко ишене баштаган.

Ал эми каяша кылгандарды, элди акыл-эске келүүгө чакыргандарды аёосуз жазалашкан же өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз кылышкан. Атактуу психоаналитик Фрейд илимий нукта аныктаган массалык психоз менен ууккан эл Гитлердин ар бир сөзүн Кудайдын айтканындай кабыл алган. Мунун кесепети кандай болгонун баарыбыз жакшы билебиз.

Зыяндуу аткошчулук

Албетте, бүгүнкү биздин саясий лидерлер Гитлер эмес, ылайым Гитлер болбой эле койсун!

Бирок учурдагы өз идолдоруна чаң жугузбай, ал эми алардын оппоненттерин ит талагандай талап жаткандар, аларга сын айткандарды заматта «эл душманына» айландыргандар дал ошол массалык психоздун кулу, курмандыгы, куралы болуп жаткан жокпу? Учурда биздин акыл-эсибизди, аң-сезимибизди ошондой коркунучтуу оору чулгап алган эмеспи?

Андай болбосо каяша пикир айткандарды ачык эле өлтүрөм, кырам-жоём деп ызырынгандарды кандай түшүнсөк болот?!

Биз ар ким өз оюн эркин айта алган, пикирлердин көп түрдүүлүгүнө (плюрализмге) тыюу салынбаган демократиялуу өлкөдө жашап жатабызбы же башкача ойлогону, сүйлөгөнү үчүн кишилер өрттөнгөн, дарга асылган орто кылымдагы инквизиция дооруна кетип калдыкпы?

Ачыгын айтышыбыз керек, интернеттеги массалык психоз өзүнүн өтө кооптуу чегине жетти. Деги муну көзөмөлдөй турган, буга тыюу сала турган бирөө барбы? Эгер алардын көпчүлүгү чын эле троллдор фабрикасы болсо, аларды күнү-түнү ыркыратып, ким каржылап жатат?

Социалдык желелер аркылуу оппоненттерин кордотуп, коркутуп, алардын кадыр-баркына шек келтирип жаткандар эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин жазаланбайт?

Cаясатчыны пир туткандын кесепети кандай болорун адамзаттын тарыхындагы дагы бир ашкан залим өкүмдар Сталиндин мисалынан билебиз. Сталин өлгөндө дүйнөнүн түркүгү урап калгандай, мындан ары жашоо уланбачудай болуп, аялдар чачын жулуп, бетин тытып, миллиондогон адамдар ыйлаганын тарыхтан окуганбыз. Ошол эле «теңдеши жок» Сталин «ким биз менен болбосо, ал бизге каршы» деп, миллиондордун канын суудай төккөнү да маалым.

Ал эми анын жакын кеңешчиси, гуманист жазуучу, өз чыгармаларында адам баласынын азаттыгын, улуулугун даңазалаган Максим Горький: «Эгер душман багынбаса, аны жок кылыш керек!» – деп сталиндик репрессияга жол ачып бергени кандай гана өкүнүчтүү, кандай гана чоң трагедия!

Тилекке каршы, биздин да айрым интеллигенттерибиз бийлик башындагылардын камчысын чаап, кошоматты кесипке айландырып алган. Алар кандай бийлик келсе да тез эле ыңгайлашып, аны айга-күнгө теңей мактап (бир кезде «Акаевге альтернатива жок» деп жагынгандай), анын колтугуна кире калмайы бар.

Эгер келечектеги президент эстүүлүк кылса, эң мурда андай туруксуз кол жоолуктардан, анын астына килеми болуп төшөлүүгө даяр турган абийирсиздерден абайлашы керек!

Диктатура - азыркы доордун да азабы

Мейли Гитлердин, Сталиндин окуясын өткөн кылымда болгон иш, тарыхтын кара тагы, катачылыгы дейли, ал эми азыркы Түндүк Кореянын, Түркмөнстандын мисалын каякка катабыз?

Сириядагы же Ооганстандагы ж.б. жерлердеги өзүнүн бүт акыл-эсин, аң-сезимин, эркин бирөөлөргө байлап койгон, эки буттуу жетеленме макулукка айланган диний фанаттарды эмне дейбиз?

Негизи эле ар бир киши өз алдынча ой жүгүртүп, өз алдынча акыл калчап, өзү чечим кабыл албаса, өз аракетине өзү жооптуу болбосо, сүрмө топтун айгайы менен каалаган жакка айдалып кете берсе, мунун аягы жакшылыкка алып барбайт.

Анан качан биз бирөөнүн пикирин (таптакыр бизге жакпаса да) сабырдуулук менен укканды, дароо ажылдап кетпей, маданияттуу жооп бергенди үйрөнөбүз?

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Убаданын тамырын да байкоо абзел

Эми бүгүнкү талапкерлерге келсек, кимиси шайланса да, күн сыяктуу баарына жарыгы текши тийген, ачка да, токко да тең караган, ууру-кескиден башка эч кимди куугунтуктабаган, эч кимдин укугун тебелебеген, мыйзамдарды үтүрүнө чейин сактаган, акыйкат, адил, кара кылды как жарган калыс президент болушун тилеймин.

Бирок дал ушул тилек орундалышы үчүн калайык дагы жасалма психозго алдырбай, талапкер тандоо баскычында алардын ураандарын жана убадаларын калыс, бейтарап, сергек калчап, ар кимиси акылдуу чечимге келиши зарыл…

Аким Кожоев, жазуучу

(Автордун көз карашы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG