Референдумга 13 үгүт тобу катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоого карата “каршы” жана “үгүт” топтору катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, жалы 13 үгүт тобу катталды. Анын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 8, президенттик башкаруу формасына “каршы” – 1, парламенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 2, бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу бар.

Парламенттик башкаруу үчүн «макул» үгүт тобун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жетектейт. Бардык варианттарга каршы үгүт тобун жарандык активист Рита Карасартова жетектейт.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт.

10-январда Кыргызстандын президентин шайлоо менен чогуу жарандар өлкөнү башкаруу формасын тандашат. Анда шайлоочулар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн.
Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып жатышат. (ZKo)

Дагы караңыз

Диний чөйрөдөгү бир жылдык абал27-декабрда 9 медициналык кызматкер коронавируска чалдыктыCOVID-19: Төрт киши каза болду, жаңы 191 учур аныкталдыДүйнөлүк басма сөз: Кыргызстан дагы эле Санта Клаустун өлкөсүБаткендеги жер титирөөнүн күчү 5 баллды түздүСоветтердин Британиядагы тыңчысы 99 жашында көз жумдуТүркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенетИран коронавирустун вакцинасын алыш үчүн четтеги резервдерин колдонууга АКШ макул болгонун жарыяладыТашкентте Айтматовго арналган фото көргөзмө ачылдыАнатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулатИлипов: Байыркы кыргыздарды тартканды жактырам