Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Баткендеги жер титирөөнүн күчү 5 баллды түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-декабрь күнү саат 16:28де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Баткен облусунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 баллды түздү.

Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Сейсмологдор силкинүүнүн очогу кыргыз-өзбек чек арасында болгонун, күчү 5 баллды түзгөнүн белгилешүүдө.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG