Орусияда "Спутник V" вакцинасы менен улгайгандарды эмдөөгө уруксат берилди

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен 60 жаштан жогору курактагы адамдарды эмдөөгө уруксат берди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди. Министрдин бекемдешинче, Орусияда аталган вакцина менен кеңири масштабда эмдөө башталды.

Тобокел тобундагы адамдарды эмдөө Москва шаарында 5-декабрдан тарта башталган. Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин өлкөнүн аймактарына 500 миңден ашуун вакцина жибериле турганын маалымдаган. Дагы 300 миң доза Аргентинага жиберилген. Ошол эле учурда калкты коронавируска каршы эмдөө АКШ менен Британияга караганда он эселеп жай жүрүп жатканы кабарланууда. Орусияда күн сайын бир нече миң адам гана эмделүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда күн сайын 29 миңден ашуун адам коронавирус жугузуп алууда. 26-декабрга карата жалпы 3,2 млн. адам илдетке чалдыкканы кабарланды. 140 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду.

Мурдараак орус президенти Владимир Путин "Спутник V" вакцинасын алууга жаш өзгөчөлүгүнөн улам даяр эместигин билдирген.

Владимир Путин 17-декабрдагы маалымат жыйынында "Адистердин айтуусунда, азыр эмдөөгө киргизилген вакциналар жаштарга ылайыкташтырылган. Азырынча менин курагымдагыларга вакцина жете элек. Бирок мүмкүнчүлүк болору менен эмдөөдөн өтөм”, - деп айткан.

Эл аралык илимий коомчулук "Спутник V" вакцинасынын сыноо мөөнөтү аягына чыга электигин, илимий коомчулукта бул вакцинага байланыштуу суроолор көп экени айтылып келет.

Дагы караңыз

УКМК: Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилетCOVID-19: Дагы төрт киши көз жумду Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды«Коопсуз шаардын» адашкан айыппулдарыОш ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү үчүн арыз жаздыБашкы прокуратура: «Манас» аэропортунда коррупциялык иштин бети ачылдыАнатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулатКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму аяктадыУКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси бардыгы тууралуу айныксыз далилдер барОрусия: Любовь Соболь 48 саатка кармалдыӨзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот башталды