Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Орусия: Любовь Соболь 48 саатка кармалды


Укук адиси Любовь Соболь Сахаров проспектиндеги нааразылык жыйыны маалында. Москва. 2019-жылдын 29-сентябры.
Укук адиси Любовь Соболь Сахаров проспектиндеги нааразылык жыйыны маалында. Москва. 2019-жылдын 29-сентябры.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболь айым 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Соболь Тергөө комитетинде сурак берген соң, аны бийликтер «Турак-жайдын кол тийбестигине шек келтирүү» беренеси боюнча шектүү деп тапкан.

Буга чейин Тергөө комитети 21-декабрда арасында Любовь Соболь да болгон бир канча киши улгайган адамдын үйүнө кирүүгө аракет кылган деп жарыялаган.

Анын алдында полиция Соболдун батиринде тинтүү жүргүзгөндүгү жана айымдын өзүн суракка алыш үчүн Тергөө комитетине алып кеткени кабарланган.

Оппозициянын тарапташтары Любовь Соболго карата доону анын Федералдык коопсуздук кызматынын оппозициячыл лидер А.Навальныйды ууландырууга катышкан деп жоромолдонгон офицерине жолугуу аракетине байланыштырып жатышат.

Навальный атайын кызматтын агенти катары сөз болгон Константин Кудрявцев менен телефондон сүйлөшкөнүн 21-декабрда жарыялаган. Дал ошол күнү Кудрявцев менен анын үйүндө жолугууга аракет кылган журналисттердин арасында Соболь да бар болчу.

33 жаштагы Любовь Соболь - Алексей Навальныйдын көрүнүктүү үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи катары Орусиядагы жогорку жетекчилердин мыйзамсыз байлыгын ашкере кылган иликтөөлөргө катышкан.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышынын жагдайларын ашкере кылган журналисттик иликтөөнү чагым деп баалады. Ал эми Навальныйдын өзүн ууландыруу операциясына катышкан ФККнын кызматкери менен Кудрявцев сүйлөшүүсүн жасалма ыкма менен чапталган жалган үн тасма катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG