Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жеңишбек Абидов Ош ОИИБнин жамаатына тааныштыруу учурунда. 26-декабрь, 2020-жыл.

Жеңиш Абидовду 26-декабрда облустук милициянын жамаатына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Абидов буга чейин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүн, Чүй облусунун Панфилов райондук милициясын жетектеген кызматтарда иштеген.

Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, мурдагы жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматтан кетти.

Малик Нурдинов 24-декабрда ден соолугуна байланыштуу дарыланууга уруксат сурап, Ош облустук милиция башчылыгы кызматынан кетүү боюнча рапорт жазганы кабарланган.

Азырынча Малик Нурдиновдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Малик Нурдинов Ош ОИИБине жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.

Малик Нурдиновго мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 16-октябрь күнү генерал-майор наамын ыйгарган.(ZKo/MrA)

Дагы караңыз

УКМК: Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилетБашкы прокуратура: «Манас» аэропортунда коррупциялык иштин бети ачылдыАнатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулат«Коопсуз шаардын» адашкан айыппулдарыОш ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү үчүн арыз жаздыКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму аяктадыУКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси бардыгы тууралуу айныксыз далилдер барОрусия: Любовь Соболь 48 саатка кармалдыӨзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот башталды