Швейцариялык музыка ышкыбозу Си Рунун «2020-жылдын жыйынтыгы» аттуу видеоклибине Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы толкундоолор да кирди.
Бул клип «YouTube» порталына жарыялангандан көп узабай 700 миң жолудан ашык көрүлдү. Музыкант ремикс стилиндеги музыканын коштоосунда быйылкы жылдагы маанилүү окуялардын видеолорун тизмектеген.
Төрт мүнөткө жакын убакыттын ичинде январдан декабрга чейинки дүйнөнү дүңгүрөткөн окуяларды көрсө болот.
Алгач Австралия токойлорундагы өрт, Ухандагы коронавирустун башталышы, андан соң карантиндик чаралардын дүйнөдөгү чагылдырылышы берилген. Андан соң Америкадагы «Black Lives Matter» аттуу акцияларга удаа Кыргызстандагы 5-6-октябрда Ала-Тоо аянтында болгон нааразылык акцияларын көрсө болот.
Бейруттагы жарылуу, белгилүү футболчу Марадонанын өлүмү, АКШ президенттигине Жо Байдендин шайланышы сыяктуу маанилүү окуялар да кошулган. (BCh)
Дагы караңыз
БШК: Шайлоочулар тизмени тактоого ынтаасыз катышып жатышатБишкекте «Көл» тасмасынын ачылышы болотЖогорку сот Жапаровго байланыштуу арыз боюнча чечимди күчүндө калтырдыМолдовада өкмөт кызматтан кеттиТоңдо зордукталган кыздын үй-бүлөсүнө басым жасалганы айтылууда