Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Молдовада өкмөт кызматтан кетти


Ион Кику.
Ион Кику.

Молдованын премьер-министри Ион Кику өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүш үчүн өзү жетектеген өкмөт бийликтен кеткенин жарыялады.

Кику бул тууралуу бийлигин тапшырып жаткан президент Игорь Додон жана парламенттин спикери Зинаида Гречаный менен жолуккан соң билдирди.

«Бул шайлоону өлкөнү нормалдуу жашоого алып келчү приоритет деп эсептейбиз», - деди Кику.

Буга чейин парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, 23-декабрда талкуулоого ниеттенип жаткан.

Ушул айдын башында 20 миңдей адам Кишиневдун көчөлөрүнө чыгып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Буга Молдова парламенти президентти Коопсуздук жана маалымат кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укуктарынан ажыраткан мыйзамды кабыл алганы себеп болгон. Бул кадам орусиячыл социалисттер көпчүлүктү түзгөн парламенттин жаңы шайланган европачыл президент Майя Сандуга бут тосуусу катары кабыл алынган.

Өкмөт өлкөдө бийлик алмашканы жатканда кызматтан кетип отурат. 24-декабрда өлкөнү төрт жыл башкарган Игорь Додон кызматтан кетип, ноябрдагы шайлоодо аны утуп алган Майя Санду президенттикке киришет.

Өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду бийликте коррупция менен күрөштү күчөтүүгө убада берүүдө. Ал экономикасы начар Молдованын Европа менен жакындашуусун жактайт. Санду президенттик шайлоодон соң Молдованын «баш оорусуна» айланган Днестр боюнун маселесин чечүүдө өлкө аймагынан орусиялык аскерлерди толугу менен чыгаруу жагы сөзсүз каралышы керек деген пикирин билдирген.

Расмий Кремль Майя Сандунун Днестр боюндагы жикчил аймактан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу сунушун четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG