Британиянын жана Европанын айрым аймактарында коронавирустун жаңы штаммы (түрү) жайылып жаткандыктан түрк бийлиги 20-декабрдан баштап Британия, Голландия, Дания жана Түштүк Африка менен аба каттамын токтотконун кабарлаган.
22-декабрда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 14-декабрдан баштап Британиядан келген 4603 жаран аныкталганын жана обсервацияга алынганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү Анталия аймагындагы мейманканаларга келген туристтер болгон.
Ал эми Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш. Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген.
Өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.
Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 21-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 18 351 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллиондон ашты, 2 миллионго жакыны айыгып чыкты. (ElB)
Дагы караңыз
COVID-19: Аскер жана күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маалымат берилди23-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалыматUSAID өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кургак учук менен ооруган бейтаптарга жардам берүү боюнча окутуу уюштурду«Мегаком»: Төрөхан Жунусбековго үгүт иштерине катышууга тыюу сала албайбыз Секелекти зордуктоого шектүү өкүмгө макул эмес