Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы кызды 31 жаштагы жаран никелеп алганы тууралуу маалыматты вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазып, окуяны териштирүүнү тиешелүү жактарга тапшырганын билдирди.
Жети-Өгүз районунда жашы жете элек, ата-энеси жок кыз күйөөгө берилгени тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев 21-декабрда «Твиттерге» жазган. Укук коргоочунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча 17 жаштагы кыз туугандарынын колунда жашап, мектепте окуп жаткан.
«Кыздын энеси жок, атасы каза болуп калган. Мыйзамдуу камкорчу - туугандарынын колунда жашап, мектепте окуп жаткан. Жакында эле аны мурда үйлөнүп ажырашкан 31 жаштагы жаран никелеп алганы тууралуу маалыматты угуп, туугандарынан сурасам, «кыз өзү сүйлөшүп алыптыр» деп коюшту».
Бул окуя боюнча Жети-Өгүз райондук милициясы сотко чейинки өндүрүштү баштаганын облустук милиция ырастады.
Элвира Сурабалдиева 19-декабрда Ысык-Көлгө барып, Тоң районунда өспүрүм кызды зордуктоо үчүн айыпталган адамдардын акталышы боюнча маселени териштирген.
Декабрь айынын башында Тоң районунда 13 жаштагы секелек зордукталып, ага күч колдонгон үч киши экөө сотто акталып чыккан, бирөө 7,5 жылга кесилген.
Жазаны жеңилдеткен райондук судья Сабыр Сооданбековго нааразылык күчөп, ЮНИСЕФ балдар менен кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотууга чакырган атайын билдирүү тараткан. (ZKo)
Дагы караңыз
Эл аралык уюм түркмөн журналистине болуштуКыргыз экономикасын кыйнаган жылУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тогуз жаштагы кыздын кайрылуусун көзөмөлүнө алдыБишкек: Бир аскердик бөлүктө экинчи өлүм катталдыКыргызстанда эл аралык «Үмүт» кинофоруму башталатМамытов: Элдин нааразылыгына шайлоонун адилетсиз өткөнү себеп болду Кыз ала качуу боюнча арыздардын баары тергөөдөн кыскартылганы белгилүү болду