Жалал-Абад облусунда акыркы 11 айдын жыйынтыгында кыз ала качуу боюнча катталган 19 фактынын дээрлик баары тергөөдөн кыскартылды.
Облустук милициянын басма сөз катчысы Шеркул Тургунбаев «Азаттыкка» билдиргендей, буга ала качууга туш болгон кыздардын «эч кандай дообуз» жок деген көрсөтмөлөрү негиз болгон.
Тургунбаевдин айтымында, көп учурда ала качууга дуушар болгон кыздардын ата-энелери милицияга арыз менен кайрылышкан. Текшерүү учурунда кыздар өз ыктыяры менен турмушка чыгып жатканын билдиргендиктен, арыздар тергөөдөн кыскартылган.
Облустук милициянын билдирүүсүндө, аймакта быйыл кыз ала качуу фактысы өткөн жылга салыштырмалуу азайган. Статистикага таянсак, 2019-жылы дубанда кыз ала качуу боюнча 26 факты катталган.
Ошол эле кезде Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда жергиликтүү тургундар айрыкча пандемия маалында ала качуу күчөгөнүн, кылмышкерлерге эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып жатышат.
Кыргызстандын Жазык кодексинин 175-беренеси боюнча кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет.
2019-жылы кабыл алынган Жазык кодексинин бул беренесинде Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.
Советтер Союзунун убагында көндүм адатка айланган кыз ала качуу 2019-жылы аталган мыйзам кабыл алынганга чейин Кыргызстандагы кыз-келиндердин укугун тебелеген, тагдырын талкалаган башкы мүшкүлдөрдүн бири болчу.
Былтыр ала качуу тыюу салынганы менен ага дагы эле толук чекит коюлбай жатканын статистика көрсөтүүдө. (NT)