Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткарышынын натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын төлөөдө жалпы сумманы төмөндөтүү фактысына жол берилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунда жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири 5 миллион сом өлчөмүндөгү милдеттүү салык төлөмдү төлөбөй жүргөн. Факт боюнча, сотко чейинки териштирүү ишиндеги материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө уланып жатат. (BCh)
Дагы караңыз
Токмокто өгөй атасы зордуктаганы айтылган өспүрүм кыздын окуясы териштирилүүдөӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирус дагы үч өмүрдү кыйды, илдет 264 кишиден жаңы аныкталдыЖетекчилерди сынаган Жетим-Тоо