Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

Коронавирус дагы үч өмүрдү кыйды, илдет 264 кишиден жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 18-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, үч киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан соңку бир суткада 395 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

  • Бишкек шаарында - 76;
  • Чүй облусунда - 67;
  • Ысык-Көл облусунда – 44;
  • Ош шаарында - 21;
  • Жалал-Абад облусунда – 20;
  • Нарын облусунда - 14;
  • Ош облусунда - 14;
  • Баткен облусунда – 4;
  • Талас облусунда – 4.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78679 кишиге жукту, алардын ичинен 1324 киши каза болуп, 72 051 бейтап айыкты.

Стационарларда 1773 бейтап дарыланууда. Алардын 82си өтө оор, 483ү оор, 1186сы орто абалда жатат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

15-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга орундар жана медициналык жабдуулар жетиштүү экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG