Ооганстандын Бадахшан провинциясынын жетекчилиги өлкөдөгү жүздөгөн чет өлкөлүк жоочу Тажикстан менен чектеш райондорго киргенин ырастады.
Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Ахтармухаммад Хайрзоданын айтымында, бүгүнкү күндө аталган райондордо дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген дээрлик 450 жоочу бар. Алардын «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Кавказдын ислам имараты» аттуу топтор менен байланышы бар.
«Жоочулар Вардуж районуна көп жайгашты. Провинциядагы абалдын туруксуздугунан пайдаланып Моймай жана Нусай райондоруна да киришти. Албетте, бул Тажикстанды тынчсыздандырууда», - деди Хайрзода.
Буга чейин тажик бийлиги Ооганстандын Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы террордук топтордун катарында 100гө жакын тажикстандык бар экени аныкталганын билдирген.
Ооганстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, чет өлкөлүк жоочулар талибдер менен жанаша согушуп жүрөт. Бирок «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Забехуллох Мужохид бул маалыматты четке кагып, алар чет өлкөлүк жоочулардын жардамына муктаж эмес экенин билдирди.
Быйыл февралда ок атууну токтотуу тууралуу АКШ менен «Талибандын» ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, талибдер башка террордук уюмдардын АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы кызыкчылыктарына зыян келтиришине жол бербөө милдеттенмесин алышкан. Эгер алар бул убадасын аткарса, Кошмо Штаттар өлкөдөгү куралдуу күчтөрүн кийинки жылдын биринчи жарымында чыгарып кетерин билдирген.
АКШнын азыркы өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-январына карата Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 4,5 миңден 2,5 миңге чейин кыскартылат.
Дагы караңыз
Каракалпакстанда айлык талап кылгандар жолду буушту ОИИБ: Баткенде чек ара тынч, жолдор ачыкТалант Капаров Бишкектеги Троллейбус башкармалыгын жетектейтЖогорку сот Кубан Чороевдин кол тамгаларынын жараксыздыгын кубаттады«Коронавирус жок» деген Түркмөнстандагы британдык элчи бул илдеттен «айыгышы керек» экенин айттыПутин: Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолотПутин Навальныйды ууландырууга орус коопсуздук кызматынын катышы тууралуу дооматты четке кактыОрус спортчулары өз туусунун алдында 2022-жылга чейин эл аралык мелдештерге катыша албайтТалапкер Жапаровду коштоп жүргөнү кеп болгон коопсуздук кызматкерлери боюнча БШКга арыз түшө элек