Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Жогорку сот Кубан Чороевдин кол тамгаларынын жараксыздыгын кубаттады


Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Жогорку сот 17-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) экономист, президенттик шайлоого катышууну көздөгөн Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгаларын жараксыз деген чечимин колдоду.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, БШКнын Чороевди президенттик шайлоодон четтетүү тууралуу чечими бүгүн, 18-декабрда Бишкектин административдик сотунда каралат.

Кубан Чороев «Жогорку соттун чечимин адилетсиз болду» деп билдирди.

БШК 11-декабрь күнкү отурумунда Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Боршайкомдун жумушчу тобу Кубан Чороевдин колдоочуларынын кол тамгалары барактарды басып чыгарууга акча төлөбөстөн чогултула баштаган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген. Чороев мыйзам бузбаганын, БШК анын шайлануу укугунан ажыртканын, 30 миңден ашуун колдоочусунун укугу тебеленгенин айткан.

Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. 15-декабрдан тартып үгүт иштери башталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG