Кыргызстан климаттын ысышынан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башында

Аламүдүн тоо кыркалары

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстан дүйнөдөгү глобалдык климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жабыр тартып жаткан өлкөлөрдүн сап башында экенин билдирди.

Элчиликтин "Твиттердеги" расмий баракчасында жер жүзүндөгү абанын ысып кетиши Кыргызстандагы мөңгүлөрдү эритип, акыркы учурда гидроэлектр станциялардын иштөөсүнө кедергисин тийгизип жатканын жазды.

"Климаттык өзгөрүүлөр өлкөдөгү айыл чарбага зарыл болгон суу менен камсыздоону да кыйнап жатат. Мындан дыйкандар менен алардын үй-бүлөө мүчөлөрү жабыркоодо. Тоолуу өлкөдөгү бул кырдаал ак илбирстин мекени болгон Кыргызстан үчүн өтө кооптуу. Абанын ысышы ар бир кыргызстандык жарандын жашоосуна таасир этет. Бул көйгөй менен өлкө өзү жалгыз күрөшө албайт. Биз Өзбекстан менен Тажикстандын атуулдары да бул көйгөйдү туура түшүнүп, маалымат алышат деген үмүттөбүз" деп жазылат элчиликтин баракчасында.

Ошондой эле 2021-жылы ноябрда Британиянын Глазго шаарында өтө турган климаттык өзгөрүүлөр боюнча дүйнөлүк саммитке Кыргызстан да катышары кабарланды.

Кыргызстанда акыркы мезгилде сугат суу тартыштыгы келип чыгып, жыл сайын дыйкандар бул көйгөйдү чечүү жолдорун издеп келет. (BCh)

Дагы караңыз

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы тынч Жалал-Абадда диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйындар өтүп жатат Талапкер Жапаровду коштоп жүргөнү кеп болгон коопсуздук кызматкерлери боюнча БШКга арыз түшө элекКыргызстанда коронавирус менен ооругандардын 33% Бишкекте