Кыргызстанга мигранттар тогуз айда 2 млрд. долларга жакын которушту

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда 2020-жылдын тогуз айында чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өз өлкөсүнө 1,955 млрд. доллар которушкан. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчкө караганда 45,5 млн. долларга аз.
Которулган акчанын 97,9% же 1, 914 88 млрд. доллар Орусиядан которулган. АКШдагы кыргызстандыктар 18,39 млн. доллар которушкан. Башка мамлекеттерден 14,64 млн. доллар келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда октябрь айында өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктар 226,2 млн. доллар которгон.

2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2, 406 млрд. доллар которулуп келсе, 554 млн. доллар сыртка чыгарылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Түркияда кыргызстандык аял күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылган деп шек саналуудаСалттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылдыЖусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарылДүйнө кубогунда Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болдуМээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды Лавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке кактыПашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албайм