Кыргызстандын Соода - Өнөр жай палатасынын президентин шайлоо 18-декабрь күнү, палатанын курултайында болот. Курултайга делегаттар ар бир аймактардан шайланып келет. Ишкана жетекчилигине жети талапкер катталды.
Алар:
-Кайрат Итибаев, "Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын" өкүлү, Соода - Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;
-Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
-Кубатбек Рахимов, Өкмөт башчынын кеңешчиси, Соода - Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;
-Марат Шаршекеев, Соода - Өнөр жай палатасынын азыркы президенти;
-Уран Ниязалиев, "Дан Агро Азык" ишканасынын башкы директору;
-Бахтияр Мухамедзиев, "Аю Холдинг" ишканасынын вице-президенти;
-Роман Касымов "Ишкерликти өндүрүү фондунун" төрагасы.
18-декабрда Соода-Өнөр жай палатасынын 10-курултайы болот. Ага жүздөн ашуун делегаттар катышат. Курултайда ишкананын президентин шайлоодон тышкары акыркы беш жылдагы аткарган иштери, палатанын каржылык ишмердиги тууралуу делегаттарга отчет берилет. Палатанын президентин, кеңешин жана ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо болот.
Кыргызстандын Соода - Өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген. Учурда палатага 1200гө чукул ишкана-компаниялар мүчө. (ZKo)
Дагы караңыз
Салттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылдыЖусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарылДүйнө кубогунда Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болдуМээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды Лавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке кактыБаткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулдуПашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албаймКыргыз энергетикасынын алы кышта билинди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө бердиБеларус оппозициясы Сахаров сыйлыгын алды