Журналисттер Путинден Навальныйдын ууланышы жана АКШга киберчабуул боюнча комментарий күтүп жатышат

Владимир Путин. Москва. 2-декабрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 17-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жыл аягында болуучу салттуу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Президенттин маалымат жыйыны АКШга жасалган ири киберчабуул артында Орусия турат" деген жана Кремлдин сынчысы, оппозиционер Алексей Навальныйдын ууланышына орус бийлигин айыптаган иликтөөлөр жарыяланган учурга туш келди.

Бул жолу президент Путин журналисттер менен өзүнүн шаар сыртындагы резиденциясынан онлайн байланышат. Журналисттер Москвадагы Дүйнөлүк соода борборуна жайгашып, Путинге видео байланыш аркылуу суроо беришет. Бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар экени кабарланды.

68 жаштагы Владимир Путин Орусиянын мамлекет башына 1999-жылы келген. Ошондон бери өлкөнү президент, өкмөт башчы катары башкарып келет.

Дагы караңыз

Жусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарылДүйнө кубогунда Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болдуМээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөтЛавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке кактыПашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албаймБаткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулдуСалттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылдыКыргыз энергетикасынын алы кышта билинди Бир тууган Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылдыЖогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө бердиБеларус оппозициясы Сахаров сыйлыгын алды