Түркмөнстанда COVID-19 белгилери менен 15 бейтап каза болду

Жугуштуу оорулар бейтапканасы. Ашгабат шаары. Түркмөнстан. Иллюстрациялык сүрөт.

11-12-декабрь күндөрү коронавирустун белгилери менен Түркмөнабад шаарындагы ооруканаларда жаткан 15 бейтап каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

«Түркмөнабаддагы шаардык инфекциялык оорукада күн өткөн сайын COVID-19дун белгилери менен жаткырылгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. 12-декабрда бул медициналык жайда сегиз киши көз жумду», — деди шаардагы тез жардам кызматынын дарыгери. Анын айтымында, 11-декабрда да шаардагы ооруканаларда дарыланып жаткан жети киши каза болгон.

«Мындан тышкары коронавирустун белгилери бар 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Аларга да пневмония диагнозу коюлду», - деди дарыгер.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жуккан бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 15-декабрга карата берген маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 73 803 320 киши коронавирус илдети менен ооруду. Анын ичинен 1 641 440 киши оорудан көз жумду. 51 813 957 адам сакайып чыкты.

Коронавирус 2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында алгачкы жолу катталган. Бул аралыкта илдет дүйнөдөгү 220 өлкөнү каптады.

Дагы караңыз

АКШ Сенатынын республикачыларынын лидери МакКоннел Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктадыАйсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алдыБишкектин четиндеги жаңы конуштардын тургундары айланма жолду буушту (видео)АКШ Түркияга орусиялык куралдын айынан санкция салдыКлара Сооронкулова БШК менен соттошотТерезеден качкан прокурордун окуясы иликтенүүдөВенгрияда бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга тыюу салындыТажикстанда оппозициячыл саясатчынын иниси да кармалдыПрокуратура Тоң райондук сотунун чечимине каршы даттанатӨмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук териштирүү жылдырылды«Таймс»: Орус бийлиги Навальныйды экинчи ирет да уулантууга далалат кылганЮНИСЕФ, БУУ: Кыргызстан зомбулуктун жазасыз калышына чекит коюуга тийиш