Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Клара Сооронкулова БШК менен соттошот


Клара Сооронкулова, президенттикке талапкер.
Клара Сооронкулова, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Ал Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу ал 15-декабрда сотко арыз тапшырганы барган учурда «Азаттыкка» билдирди.

Сооронкулова Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда шайлоо күнү жарыяланганын, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 24-октябрда белгилеген. Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын билдирген.

9-декабрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Жапаровдун президенттик шайлоого катышып жатканын "мыйзамсыз" деп билдиришкен.

Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мындай жүйө негизсиз экенин айтып, Жапаров кызматын тапшырып анан шайлоого аттанганын белгилеген.

10-январда өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер катышып жатат. Алардын арасында бир аял - Клара Сооронкулова бар. (SE)

XS
SM
MD
LG