Хорезм облустук прокуратурасы Хива шаарындагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы «Таш-Хаули» сарайынын дубалдарынын бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу маданий мурастар башкармалыгынын өкүлү билдирди.
Анын айтымында, «Таш-Хаули» сарайы жайгашкан «Ичан-Кала» мамлекеттик музей-коругунда атайын бекитилген долбоорсуз жана ЮНЕСКО менен Илимий-эксперттик кеңештин макулдугусуз оңдоо иштери жүргүзүлгөн. 8-декабрда корук жетекчилигинин буюртмасы менен иштеп жаткан «Сургутнефть-Строй» жеке компаниясы байыркы эстеликти бузган.
Расмий түрдө реставрация иштерин аткарууга уруксаты жок бул компаниянын өкүлү ал жерде «Ичан-Кала» музей-коругу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштегенин билдирди. Маданий мурастар башкармалыгы имарат начар аткарылган оңдоо иштеринен улам бузулган деп эсептөөдө. Өз кезегинде корук-музейдин жетекчилиги «имараттын дубалы кыйшайып калганын, аны урап калбасын деп бузушканын» айтууда.
Маданият министрлигинин маалыматына караганда, Хивадагы мыйзамсыз оңдоо иштери токтотулду.
«Таш-Хаули» сарайы Хиванын ханы Аллакулихан тарабынан 1830-1838-жылдары курулган. 1968-жылы ал мамлекеттин кайтаруусуна өткөн. Сарай Хива шаарынын 2500 жылдыгына карата 1997-жылы жарым-жартылай оңдоодон өткөрүлгөн.
Дагы караңыз
АКШ Сенатынын республикачыларынын лидери МакКоннел Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктадыАйсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алдыАКШ Түркияга орусиялык куралдын айынан санкция салдыБишкектин четиндеги жаңы конуштардын тургундары айланма жолду буушту (видео)Клара Сооронкулова БШК менен соттошот"Бүгүн Азаттыкта" дүйнө жаңылыктары (15.12.2020-ж.)Ак-Жар конушунун тургундары айланма жолду бууштуТерезеден качкан прокурордун окуясы иликтенүүдөОрусия курулушчуларга муктажПандемияда сөөлжан өстүргөн дыйкан