Гонконгдо медиа-магнат Жимми Лайга жаңы айып тагылды

Жимми Лай журналисттер менен. 2020-жылдын 28-февралы.

Гонконг прокуратурасы оппозициялык медиа-магнат Жимми Лайга “чет өлкө менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы сүйлөшүүгө барган” деген жаңы айып такты. "South China Morning Post" басылмасы маалымдагандай, ишкер Гонконгдун коопсуздугу тууралуу жаңы мыйзамды бузган деп айыпталууда.

Прокуратура Лайды Кытайга каршы аракеттенүү максатында чет өлкөлүк уюмга, мекемеге же жаранга кайрылган деп эсептейт. Ишкер күнөөлүү деп табылса, өмүр бою эркинен ажыратылат. 12-декабрда сот Лайды күрөө алдында бошотуудан баш тартты. Ал апрель айына чейин камакта калды.

Полиция Лайды эки уулу жана башка активисттер менен кошо 10-августта кармап, камакка алган. Үч күндөн кийин күрөө менен абактан чыгарылган.

Дагы караңыз АКШ Конгресси Гонконгдон улам Кытайга санкция салууну колдоду

72 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири. Анын кармалышы Британия 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген шаарда жарандык эркиндик чектелип жатканы тууралуу тынчсыздануу күчөгөн учурга туш келди.

Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзам 1-июлда күчүнө кирген. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеген.

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиCOVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жокКоронавирус төрт медицина кызматкеринен аныкталдыМушкер Рафаэль Физиев UFCде дагы бир жеңишке жеттиБШК Садыр Жапаровду жарыштан четтетүүгө макул болгон жокАйтматов гуманизмди туу тутканТоолуу Карабак: Ок атышууну токтотуу тартиби бузулду Кочкоров: Сооронбай Жээнбеков эки чоң ката кетирдиИшкерлерге кесепети тийген салык карызы